Фуат Октай АКШнын Өкүлдөр палатасынын мүчөлөрү менен жолугушту

Түркия Улуу Улуттук Парламентинин Тышкы карым  - катнаштар комиссиясынын төрагасы Фуат Октай АКШнын Өкүлдөр палатасынын мүчөлөрүнө түшкү сый тамак берди.

2028870

Борбор  Анкарадагы жыйындар залында берилген сый тамакка Өкүлдөр палатасынын мүчөлөрү Жо Вилсон, Дин Филлипс, Виктория Спарц жана АКШнын Анкарадагы элчилигинин жооптуу кызматкерлери катышты.

Тамак журналисттер сүрөткө тарткандан  кийин  басма сөзгө жабык өттү.

Алынган маалыматка караганда Түркия менен АКШнын ортосундагы карым-катнаштар, парламенттер аралык байланыштардын мааниси, террордук уюмдар ПКК/ЙПГ жана Фетуллахчы террор уюму ФЕТӨ, ошондой эле соода карым-катнаштары, НАТО, коопсуздук, коргонуу өнөр жайы, жана аймактык маселелер талкууланды.

Тектеш кабарлар