Министр Фидан расмий сапар менен Иракка барат

Хакан Фидан Иракка сапарында борбор шаар Багдад жана Эрбилде жогорку деңгээлдеги жолугушууларды өткөрөт.

2027691
Министр Фидан расмий сапар менен Иракка барат

Тышкы иштер министри Хакан Фидан расмий сапар менен Иракка барат.

Тышкы иштер министрлигинен берилген маалыматта, министр Фидандын 22-24-август аралыгында Иракка расмий сапар жасай турганы белгиленди.

Хакан Фидан Иракка сапарында борбор шаар Багдад жана Эрбилде жогорку деңгээлдеги жолугушууларды өткөрөт.

Сапардын алкагында Ирак менен бардык тармакта кызматташууну жакшыртуу мүмкүнчүлүктөрү талкууланат.

Ошондой эле учурдагы аймактык жана эл аралык жагдайлар боюнча да пикир алмашылышы күтүлүүдө.



Тектеш кабарлар