Президент Эрдоган Венгрияга барат
Эрдогандын борбор шаар Будапештте Венгриянын Улуттук майрамына катышуусу күтүлүүдө.
2026589
![Президент Эрдоган Венгрияга барат](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/2594/b382/f8af/60c681eceb11f.jpg?time=1718891591)
Президент Режеп Таййип Эрдоган эртең Венгрияга бир күндүк сапар менен барат.
Венгриянын премьер - министри Виктор Орбандын чакыруусу менен бул өлкөгө бара турган президент Эрдогандын борбор шаар Будапештте Венгриянын Улуттук майрамына катышуусу күтүлүүдө.
Сапардын жүрүшүндө эки тараптуу карым - катнаштар жана аймактык маселелердин да каралышы күтүлүүдө.