Чеңгел-Кулпу операциясы аймагында дагы бир аскер шейит болду
Бул тууралуу Улуттук коргоо министрлигинен маалымат берилди.
2022575
Ирактын түндүгүндөгү Чеңгел-Кулпу операциясында дагы бир аскер шейит болду.
Улуттук Коргоо министрлиги жикчил террордук уюм ПКК мүчөлөрүнүн «Чеңгел-Кулпу» операциясы аймагында аткан октун натыйжасында жараланган жөө аскер адиси сержант Мустафа Сезердин да шейит болгонун жарыялады.
Аймактагы операциялардын уланып жатканы белгиленген билдирүүдө каза болгон аскерге Аллахтан ырайым, кайгыга баткан үй-бүлөсүнө, Түрк куралдуу күчтөрүнө жана асыл түрк улутуна көңүл айтылды жана сабыр тиледи.
Чеңгел-Кулпу операциясы аймагында кечээ кечинде жикчил террордук уюм мүчөлөрүнүн ок атуусунан 5 аскер шейит болгон.