Фидан америкалык жана украиналык кесиптештери менен сүйлөштү

Тышкы иштер министрлиги сүйлөшүүлөр тууралуу маалымат берди.

2020696
Фидан америкалык жана украиналык кесиптештери менен сүйлөштү

Тышкы иштер министри Хакан Фидан америкалык жана украиналык кесиптештери менен өз-өзүнчө телефон аркылуу сүйлөшүү өткөрдү.

Тышкы иштер министрлигинен берилген маалыматка караганда, Хакан Фидан АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Блинкендин талабы боюнча өткөрүлгөн сүйлөшүүдө, Түштүк Кавказдагы абалдар жана ушул алкакта Азербайжан менен Армениянын ортосундагы нормалдашуу процесси, Кара деңиз дан демилгесинин жанданышы, Кара деңиздин коопсуздугу жана НАТОнун кеңейүүсү каралды.

Тышкы иштер министри Фидан Украинанын тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба менен да телефон аркылуу сүйлөштү.

Сүйлөшүүдө Кара деңиз дан демилгесин кайрадан ишке ашыруу үчүн ташталышы мүмкүн болгон кадамдар талкууланды.



Тектеш кабарлар