Эрдогандын жетекчилигинде Жогорку аскердик кеңештин (ЖАК) жыйыны башталды

Президент Эрдоган  Жогорку аскердик кеңештин (ЖАК) жыйынынын алдында Жогорку аскердик кеңештин (ЖАК)  мүчөлөрү менен Түркия Республикасынын негиздөөчүсү Мустафа Кемал Ататүрктүн сөөгү жайгашкан Аныткабирге барды.

2019800
Эрдогандын жетекчилигинде Жогорку аскердик кеңештин (ЖАК) жыйыны башталды

Президент Режеп Таййип Эрдогандын жетекчилигинде Жогорку аскердик кеңештин (ЖАК) жыйыны башталды.

Борбор шаар Анкарадагы Президенттик комплексте өткөн жыйынга Кеңеш мүчөлөрү вице-президент Жевдет Йылмаз, адилет министри Йылмаз Тунч, тышкы иштер министри Хакан Фидан, казына жана каржы министри Мехмет Шимшек, ички иштер министри Али Йерликая, улуттук билим берүү министри Юсуф Текин, улуттук коргоо министри Яшар Гүлер, Башкы штабдын командири катары дайындалган, кургактык күчтөрүнүн командири, армия генералы Муса Авсевер, деңиз күчтөрү командири, армия адмиралы Эржүмент Татлыоглу жана Башкы штабдын төрагалыгына дайындалган аба күчтөрүнүн командири, армия генерал Атилла Гүлан  катышууда.

Президент Эрдоган  Жогорку аскердик кеңештин (ЖАК) жыйынынын алдында Жогорку аскердик кеңештин (ЖАК)  мүчөлөрү менен Түркия Республикасынын негиздөөчүсү Мустафа Кемал Ататүрктүн сөөгү жайгашкан Аныткабирге барды.

Аныткабирдин атайын китебине кол койгон президент:«Түркия Кылымын куруу үчүн ар бир тармакта катуу аракет кылуудабыз. Бул күрөштө биздин эң чоң күч жана ишеним булагыбыз жогорку милдетти бөгөт коюучу күчү жана жогорку мүмкүнчүлүктөрү менен улутубуздун көз кареги болгон Түрк куралдуу күчтөрү түзөт. Бүгүнкү кеңешме жыйыныбызда чыгара турган чечимдерибиз менен армиябызга күч-кубат кошобуз деп үмүттөнөбүз»,- деди.

Жогорку аскердик кеңештин (ЖАК)  күн тартибинде болушу күтүлгөн эң маанилүү темалардын бири Яшар Гүлердин улуттук коргоо министри болгондон кийин бошотулган башкы штабдын төрагалыгына дайындала турган ысым.

Жогорку аскердик кеңештин (ЖАК)  жаңы күч командирлеринин же учурдагы командирлердин кызмат мөөнөтүн узартуу же узартпай турганына да чечим чыгарылат.



Тектеш кабарлар