Памуккалеге келген туристтердин саны

Памуккале урандылары дүйнөнүн бардык бурчунан конокторду тартууну улантууда.

2019304
Памуккалеге келген туристтердин саны

Памуккалени жыл башынан бери 1 миллион 149 миңден ашуун киши кыдырды.

Ак травертиндери, Хиераполис байыркы шаары жана Клеопатра бассейни менен келгендерди суктандырган Бириккен Улуттар Уюмунун Билим берүү, илим жана маданият уюмунун (ЮНЕСКО) Дүйнөлүк мурастар тизмесине кирген Памуккале урандылары дүйнөнүн бардык бурчунан конокторду тартууну улантууда.

Денизли туристтик мейманкана жана операторлор коомунун (DENTUROD) төрагасы Гази Мурат Шен Памуккалеге жылдын 7 айында 1 миллион 149 миң 765 жергиликтүү жана чет элдик туристтин келгенин, өткөн жылдын тийиштүү айына салыштырмалуу туристтердин саны болжол менен 23 пайызга өскөнүн баса белгиледи.

Июль айында 338 миң 609 кишиге жеткендерин жана август айында мунун 400 миңден ашышын күтүшкөндөрүн билдирген Шен, 2019-жылы 2 миллион 521 миң турист рекордуна жакындоону үмүт кылгандарын айтты.



Тектеш кабарлар