Түркия-АКШ мамилелери өнүгүүдө

Түркия менен АКШнын ортосундагы соода көлөмү акыркы 12 айда 31,3 миллиард долларга жетти.

2018029
Түркия-АКШ мамилелери өнүгүүдө

Түркия менен Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) карым-катнаштары 2023-жылы да оң багытта илгерилеп жатат.

Түрк-Америка Ишкерлер Кеңеши (TAIK) жана Америка Компаниялар Ассоциациясынын (AmCham Түркия) биргелешкен билдирүүсүнө караганда, Түркия менен АКШнын ортосундагы соода көлөмү акыркы 12 айда 31,3 миллиард долларга жетти.

200 жылга жакын тарыхы бар карым-катнаштар 2023-жылдын биринчи жарымында көбөйгөн инвестициялар жана түрк рыногуна жаңыдан кирген АКШ фирмаларынын ар түрдүү секторлорго болгон кызыгуусу менен ылдамдыгын улантты.

Билдирүүдө көз караштары орун алган AmCham Түркия Башкармалыгынын төрагасы Танкут Турнаоглу Түркия менен АКШнын ортосундагы көп жылдардан берки күчтүү мамиленин дүйнөдөгү эң маанилүү жана терең тамырлуу стратегиялык карым-катнаштардын арасында экенин белгилеп, эки өлкөнүн ортосундагы стратегиялык мамилелерде соода жана инвестициянын негизги маанисине көңүлдөрдү бурду.

Турнаоглу, AmCham Түркия катары түрк экономикасына жыл сайын 60 миллиард доллар салым кошкон 125 АКШ фирмасын өкүлдүк кылгандарын жана негизги максаттарынын Түркияны дүйнөлүк рынокторго алып чыккан бир күч болуу экенин билдирди.

Турнаоглу Түркиядагы америкалык фирмалардын Түркияны аймактык борбор катары эсептегендерин айтты.



Тектеш кабарлар