Түркия Нигердеги төңкөрүшкө байланыштуу окуяларды терең тынчсыздануу менен байкоодо
Тышкы иштер министрлиги Нигердеги окуяларга байланыштуу жазуу түрүндө билдирүү жасады.
Түркия Нигердеги төңкөрүшкө байланыштуу окуяларды терең тынчсыздануу менен байкоодо.
Тышкы иштер министрлиги Нигердеги төңкөрүшкө байланыштуу окуяларга карата, «Биз демократиялык шайлоо аркылуу бийликке келген президент Мохамед Базумдун кызматтан алынышын жана бардык демократиялык институттардын токтотулушун терең тынчсыздануу менен байкоодобуз»,деген сөздөргө орун берди.
Министрлик Нигердеги окуяларга байланыштуу жазуу түрүндө билдирүү жасады.
Билдирүүдө, «Демократиялык шайлоолор аркылуу бийликке келген президент Мохамед Базумдун кызматтан алынышын жана Куралдуу күчтөрдүн ичиндеги бир топтун төңкөрүш аракети менен Нигерде бардык демократиялык институттардын ишин токтотууну терең тынчсыздануу менен байкап жатабыз»,-деп айтылган.
Дос жана бир тууган Нигерде конституциялык түзүлүштүн, коомдук тынчтыктын жана ырааттуулуктун сакталуусу тилегин камтыган билдирүүдө, «Түркия башынан өткөрүп жаткан бул кыйын мезгилде Нигердин жанында болууну улантат»,делди.
Кечээ Нигерде президент Базумдун администрациясы аскердик төңкөрүш менен кулатылган жана өздөрүн «Мекенди коргоо боюнча улуттук кеңеш (CNSP)» деп атаган бир топ жоокерлер бийликти басып алышкан.
Тектеш кабарлар
Түркиянын террор менен күрөшүүсү уланууда
Улуттук коргоо министрлигинин социалдык медиа эсебинде жасаган билдирүүсү.
Президент Эрдогандын 1-Майга карата билдирүүсү
Президент Режеп Таййип Эрдоган 1-Майга карата билдирүүсүн социалдык медиа эсебинен бөлүштү.