Данияда уланган Куранга кол салууларга каршы чыгуулар...

Түркия кол салууларды айыптады.

2016174
Данияда уланган Куранга кол салууларга каршы чыгуулар...

Данияда Куранга каршы кол салуулар тыйыла элек.

Исламга каршы жана расисттик «Даниялык патриоттор» тобу борбор калаа Копенгагенде Түркия жана Египеттин элчиликтеринин алдында Куран китебине кол салышты.

Түркия кол салууларды айыптады.

Тышкы иштер министрлигинин жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө,«Ыйык китебибиз Куранга каршы болуп жаткан кол салууларды эң катуу түрдө айыптайбыз»,-деп айтылат.

Даниянын бийликтеринин бул кол салууларга атайылап өжөрлүк менен көрмөксөнгө салуулары жана бул провокацияларды коргоону камсыз кылуулары, окуялардын алып келе турган кесепеттеринин оордугун көрө албагандарынын белгиси экендиги белгиленген билдирүүдө, «Мындай кол салуулар миллиарддаган мусулмандарды гана таарынтып тим болбостон, коомдук тынчтыкка жана бирге жашоо маданиятына да зыян келтирет. Дания бийлиги бул жек көрүүчүлүк кылмышынын кайталанбашы үчүн зарыл чараларды көрүшү керек»,делди.

Адилет министри Йылмаз Тунч да социалдык медиа эсебинен бөлүшүп: «Эркиндикке жамынып алып көрмөксөнгө салынган жана демократияны жүйө келтирип үн катпай калган бул кол салуулар бир гана Ислам дүйнөсүнүн эмес, бүткүл адамзаттын тынчтыгын жана бейпилдигин бутага алууда»,-деди.

Адилеттик жана өнүгүү партиясынын (АК Партия) төрага орун басары жана партиянын басма сөз катчысы Өмер Челик да Твиттер баракчасынан бөлүшүүсүндө, «Ыйык китебибиз Куранга каршы уланып жаткан кол салуулар каргышка калган жана жийиркеничтүү аракеттер. Бул жек көрүүчүлүк аракеттери үчүн Даниянын бийлиги жооптуу. Даниянын бийликтери адамкерчиликсиз аракеттерге көз жумуп жатат», - деди.

 

Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясы да ыйык китептерге карай зомбулукка каршы чараларды көрүү үчүн чогулду.

Башкы Ассамблеяда Марокко тарабынан сунуш киргизилди. Кабыл алынган резолюция менен диний ишенимдеринен улам адамдарга, ыйык китептерге жана диний жайларга карата ар кандай зордук-зомбулук эл аралык укуктун бузулушу катары таанылды.

Ислам Кызматташтык Уюму да дүйшөмбү күнү Швеция жана Данияда Курани Каримге болгон урмат-сыйсыз мамиледен улам кезексиз жыйын өткөрүүнү чечти.

Швециядан болсо: «Биз Куранга болгон урмат-сыйсыздык кайталанбашы үчүн иштеп жатабыз»,деген тгүшүндүрүү келди.

Швециянын тышкы иштер министри Тобиас Биллстрем кол салууларды «жийиркеничтүү» деп мүнөздөп, коомдук тартипти коргоого  карата Швециянын мыйзамын ылайыкташтыруу мүмкүнчүлүгүн баалоо демилгесин көтөрүшкөнүн айтты.



Тектеш кабарлар