Түркиядан Куранга кол салууга каршы чыгуу

Тышкы иштер министрлиги Данияда Куранга карай кайталанган кол салуулар тууралуу жазуу түрүндөгү маалымат берди.

2015588
Түркиядан Куранга кол салууга каршы чыгуу

Түркия Даниянын борбор шаары Копенгагенде Курани Каримге карай кайталанган кол салууларды катуу айыптады.

Тышкы иштер министрлиги Данияда Куранга карай кайталанган кол салуулар тууралуу жазуу түрүндөгү маалымат берди.

Билдирүүдө, «Биз бүгүн (кечээ) Копенгагенде ыйык китебибиз Куранга карай жасалган жийиркеничтүү кол салууларды кескин түрдө айыптайбыз. Даниянын бийликтери эл аралык милдеттеринин алкагында иш алып барышы керек, Ислам динине жана анын миллиарддаган ишенгендерине карата жек көрүүчүлүктү тутанткан бул жийиркеничтүү иштердин алдын алуу үчүн зарыл чараларды көрүшү керек»,делди.

Дин иштеринин төрагасы Эрбаш социалдык медиа эсебинен бөлүшүүсүндө: «Мен бул жийиркеничтүү кол салуунун күнөөкөрлөрүн жана коомдук тынчтыкты көздөгөн мындай аракеттерге унчукпай турган жана уруксат берип алардын бул позициясы үчүн аларды коргоого алган Даниянын бийликтерин катуу айыптайм жана наалат айтамын»,-деди.

Эрбаш: «Батыш өлкөлөрүндө, өзгөчө Европада Исламга жана мусулмандарга карата болгон бул системалуу душмандыкка каршы, Ислам дүйнөсүн жана эл аралык деңгээлдеги бардык абийир жүрөктөрүн бекем жүрөк менен бекем позицияны карманууга чакырам»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар