Алтун: «Түркиянын адилеттүү иштерин коргоону улантабыз»

Фахреттин Алтун Президенттиктин Коммуникация башкармалыгынын 5 жылдыгына карата видео бөлүштү.

2015494
Алтун: «Түркиянын адилеттүү иштерин коргоону улантабыз»

Президенттиктин коммуникация башкармалыгынын башчысы Фахреттин Алтун Түркиянын адилеттүү жолун эл аралык аренага алып чыгууну уланта тургандарын баса белгиледи.

Фахреттин Алтун Президенттиктин Коммуникация башкармалыгынын 5 жылдыгына карата видео бөлүштү.

Видеодо Президенттиктин Коммуникация башкармалыгынын 5 жылдык ишмердүүлүгү камтылган.

Президенттиктин Коммуникация башкармалыгы тарабынан жарыяланган иш-чаралар, кампаниялар, долбоорлор жана отчеттор менен Түркиянын эл аралык аброюн бекемдегени жана мамлекеттин стратегиялык коммуникация муктаждыктарына жооп бергени белгиленди.

Алтун бөлүшүүсүндө, «Улут менен мамлекеттин ортосундагы байланыш көпүрөсүн бекемдөөнү максат кылган Башкармалыгыбыз чындык үчүн күрөшүүдөн тайсалдабастан коомчулукка так, ачык жана тез маалымат берүүнү улантат»,деген маалыматтарга орун берди.

Видеодо, «Түркия кылымы бир эле убакта коммуникациянын да кылымы болот»,-деп айтылды.



Тектеш кабарлар