Аббас келерки жумада Түркияга келет
Дипломатиялык булактардан алынган маалыматка караганда Аббас борбор шаар Анкарага 24 - июлда келет.
2014108
Палестинанын президенти Махмуд Аббас келерки аптада Түркияга расмий сапар менен келет.
Дипломатиялык булактардан алынган маалыматка караганда Аббас борбор шаар Анкарага 24 - июлда келет.
Аббастын сапарынын алкагында 25-июлда президент Режеп Таййип Эрдоган менен жолугушуусу күтүлүүдө.
Палестинанын президенти Аббас жолугушуулардан кийин 26 - июлда Түркиядан кетет.
Аббас Түркияга акыркы жолу август айында келип, «Түркиянын Палестина башкаруучулугун жана элин бардык тармакта колдой тургандыгын» билдирген.