Эрдоган Башар Асад менен жолугуша алаарын айтты

Президент Эрдоган Сауд Арабияга жөнөөр алдында Стамбулдагы «Ататүрк» аэропортунда маалымат жыйын өткөрдү.

2012501
Эрдоган Башар Асад менен жолугуша алаарын айтты

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Сириянын президенти Башар Асад менен жолугушууга жабык эмес экендиктерин айтты.

Президент Эрдоган Сауд Арабияга жөнөөр алдында Стамбулдагы «Ататүрк» аэропортунда маалымат жыйын өткөрдү.

Эрдоган Сирия менен нормалдашуу процесси темасында Түркиянын бул өлкө менен эшикти жабуу жагдайы жок экенин, төрттүк саммиттин (Орусия жана Ирандын катышуусу менен) өткөрүлүшүн каалаганын айтып: «Бирок биз Башар Асад менен жолугушууга да жабык эмеспиз. Жолуга алабыз, алардын бизге болгон мамилеси маанилүү. Азыр Сириядагы Асад, тилекке каршы, Түркиянын Сириянын түндүгүнөн кетишин каалайт. Мындай нерсе болушу мүмкүн эмес. Анткени биз ал жакта терроризмге каршы күрөшүп жатабыз./.../ Ал бир эле сөздү ар кайсы өлкөлөргө колдоно алабы? Аны колдоно албайт, ошондуктан биз адилеттүү мамилени издеп жатабыз.Бул адилеттүү мамиле болгондон кийин, эч кандай көйгөй жок, булардын баарын жеңебиз»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар