Хакан Фидан, Яшар Гүлер жана Али Йерликая 15 - июлга карата билдирүү жарыялашты

Тышкы иштер министри Хакан Фидан 15 -  Июль Демократия жана улутутк биримдик күнүнөн улам билдирүү жарыялады.

2011617
Хакан Фидан, Яшар Гүлер жана Али Йерликая 15 -  июлга карата билдирүү жарыялашты

Тышкы иштер министри Хакан Фидан 15 -  июль Демократия жана улуттук биримдик күнүнөн улам билдирүү жарыялады.

Фидан соцтармактан берген билдирүүсүндө буларды айтты : «Улуу улутубуз  15 -  июлда эл аралык империализмдин  өкүлү катары Түркияны басып алуу аракетин президентибиздин лидерлигинде ийгиликсиз кылып Түркия кылымынын каалгаларын ачты.

Тайманбастан аянттарга чыгып ФЕТӨнүн кыянаттыгына уруксат бербеген шейиттерибиз менен баатыр ардагерлерибизге ыраазычылык билдирүү менен эскеребиз. Демократия жана улуттук биримдик күнү куттуу болсун».

Улуттук коргоо министри Яшар Гүлер да соцтармактан берген билдирүүсүндө : «Мекен,  желек үчүн  15 -  июль түнү чыккынчыларга каршы чыгып жанын аябаган шейиттерибизди эскерип, бул күрөштө ардагер болгон баатырларыбызга жана  15 -  июль дастанын жазган жарандарыбызга урмат  - сый жана ыраазычылыгымды билдирем»,- деди.

Ички иштер министри Али Йерликая болсо 15 -  июль Демократия жана улуттук биримдик күнүнүн  7 жылдыгы тууралуу соцтармактан берген билдирүүсүндө : «15- июлдун 7 жылдыгында өлкөбүздүн ар бир булуң-бурчунда шейиттерибизди, Түркия кылымынын баатыры болгон ардагерлерибизди, чыккынчыларга колдоруна кармаган ай жылдыздуу желегибиз менен каршы  чыккан миллиондогон өлкө балдарын күчтүү түрдө эскеребиз.

Урматтуу президентибиз Режеп Таййип Эрдогандын да айтканындай  : «Ийгиликтүү боло албайсыңар! Желегибизди түшүрүп, мекенди бөлө албайсыңар! Мамлекетибизди талкалай албайсыңар! Бул өлкөнү чөгөлөтө албайсыңар! Миң жылдан бери басып келе жаткан жолубуздан  бизди кайтара албайсыңар! Өлкөбүздү максаттарынан баш тарттыра албайсыңар!#Түркия кылымынын баатырлары #Түркиянын тынчтыгы»,- деди. 

 



Тектеш кабарлар