Алиев Эрдоганга кат жиберди

Азербайжандын президенти Илхам Алиев ФЕТӨнүн чыккынчылык төңкөрүш  кыймылынын 7 жылдыгынан улам президент Режеп Таййип Эрдоганга кат жолдоду.

2011770
Алиев Эрдоганга кат жиберди

Азербайжандын президенти Илхам Алиев ФЕТӨнүн чыккынчылык төңкөрүш  кыймылынын 7 жылдыгынан улам президент Режеп Таййип Эрдоганга кат жиберди.

Алиев катында төңкөрүш кыймылына тоскоол болуу  үчүн жанын аябаган шейиттерди терең урматтоо менен эскергендигин белгиледи.

15-июлда болгон кыянаттык планы Түркия тарыхындагы оор сыноолордун бири болгонун белгилеген Алиев, бул сыноодон  жүзү жарык чыккан түрк калкынын жеңилбестигин, чечкиндүүлүгүн, мамлекетке жана демократияга болгон   берилгендигин дуйнөгө көрсөткөндүгүн айтты.

Алиев ал  кыйын күндө бириккен түрк калкы жана мамлекетинин чечкиндүүлүгү менен шейиттердин кандары жана жандары менен жетишилген жеңиш түрк калкынын мекенге болгон сүйүүсүн, теңдеши жок күрөшүү рухун жана жеңилбестигин далилдегендигин белгилеп : "Тилектештик жана улуттук биримдиктин символу болгон "Демократия жана улуттук биримдик күнү" түрк мамлекетинин тарыхында сыймыктануу күнү катары калат",- деди. 

Алиев катында буларды да белгиледи : "Азербайжан калкы жана мамлекети алгачкы учурлардан тартып бул күрөштө бир тууган Түркия мамлекети жана калкынын жанында орун алды. Өлкөнүн конституциялык түзүлүшүнө жана мыйзамдуу бийлигине кол салган чыккынчыларды катуу айыптады. Бул окуялардан күчтөнүү менен чыккан түрк калкынын жеңишин жеңишибиз, кубанычын кубанычыбыз, кайгысын кайгыбыз  сыяктуу бөлүштүк жана бир эл, эки мамлекет экенибизди дагы бир жолу так түрдө далилдедик.

Эң чоң байлыгыбыз болгон Азербайжан - Түркия боордоштугун, биримдигин жана ынтымагын сактап калуу, аны келечектеги муундарга тартуулоо, стратегиялык союздаштыгыбызды ар тараптан өнүктүрүү жана бекемдөө үчүн биргелешкен аракеттерибизди  улантабыз деп ишенем»,-деди. 

 

 

 



Тектеш кабарлар