Эрдоган : "Путин менен Кара деңиз дан коридорунун узартылышы боюнча бирде пикирдебиз"

Президент Эрдоган Стамбулда журналисттердин суроолоруна жооп берди.

2011475
Эрдоган :  "Путин менен Кара деңиз дан коридорунун узартылышы боюнча бирде пикирдебиз"

Президент Режеп Таййип Эрдоган Россиянын президенти Владимир Путин менен Кара деңиз дан коридорунун узартылышы тууралуу бирдей пикирде экендерин айтты. 

Президент Эрдоган Стамбулда журналисттердин суроолоруна жооп берди.

Россиянын  президенти Путинди алдыбыздагы бир айдын ичинде Түркияда тосуп алууга даярданып жаткандарын айткан Эрдоган : "Биз (Путин менен) Кара деңиз дан коридорунун узартылышы боюнча бирдей пикирдебиз",- деди. 

Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысы Антонио Гутеррештин бул темада Путинге кат жолдогонуна көңүл бурган Эрдоган : "Бул кат менен биздин жана Россиянын биргелешкен аракети менен дан коридору тууралуу иштин узартылышына шарт түзөбүз",-  деди.

Эрдоган Түркиянын Европа Биримдигине мүчөлүгү тууралуу НАТОнун Вильнюс саммитинде  Европа Биримдигине мүчө өлкөлөрдүн лидерлери менен сүйлөшкөндүгүн белгилеп : "Бул маселе боюнча  52 жылдан бери күттүрүп жаткан Түркияга оң кадамдардын ташталыш каалаганыбызды айттык",- деди. 

Президент Эрдоган Грециянын премьер-министри Кирякос Мицотакис менен жолугушуусу тууралуу  да  : "Шайлоодо жеңишке жетишкен эки лидер катары биз кадамдарыбызды оң жакка таштообуз керек. Меинн алардан өзгөчө сураган эң маанилүү темалар - Батыш Фракияга байланыштуу көйгөйлөр, муфтийлер тууралуу маселе. Бул маселелерди чечүүнү каалайбыз",-   деди.

Эрдоган, элчилердин бул тууралуу өз ара жолугушууларынан жана тышкы иштер министрлеринин даярдыктарынан кийин лидер катары жолугушуп, керектүү кадамдарды таштай тургандарын айтты.

 

 



Тектеш кабарлар