Байден Түркияга F-16ларды сата аларына ишенет

Байден Литвадагы НАТО саммитинен кийин Финляндияга уча турган учакка отурар алдында журналисттердин суроолоруна жооп берди.

2010709
Байден Түркияга F-16ларды сата аларына ишенет

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) президенти Жо Байден Түркияга F-16 согуштук учактарын сата аларына ишенгенин айтты.

Байден Литвадагы НАТО саммитинен кийин Финляндияга уча турган учакка отурар алдында журналисттердин суроолоруна жооп берди.

Түркияга F-16ларды сатууга каршы болгон Нью-Жерси штатынын сенатору Боб Менендестин каршы пикирин калтырабы деген суроого Байден: «Түркия Швециянын НАТОго киришине колдоо көрсөтүүнү уланта тургандыктан жана биз да ал F-16ларды сата ала турганыбызга ишенем»,- деп жооп берди.

Байден ошондой эле НАТО саммитинин алкагында Украинанын президенти Владимир Зеленский менен эки тараптуу жолугушуусу абдан жакшы өткөнүн белгиледи.

Украинанын НАТОго катышуусу маселесине да токтолгон Байден: «Согуш бүткүчө эмес. Зеленский бир нерсени түшүнөт. Анын союздаштары тарабынан кабыл алынган милдеттенмелери бар болсо, азыр анын НАТОдо болуп-болбогону эч кандай мааниге ээ эмес»,-деди.



Тектеш кабарлар