Кызылайдын башкы жетекчиси болуп Фатма Мерич Йылмаз шайланды
Йылмаз борбор шаар Анкарада өткөрүлгөн кезексиз жалпы чогулушта жетекчиликке жалгыз талапкер болду.
Түрк Кызылайы коомунун башкы жетекчиси болуп профессор доктор Фатма Мерич Йылмаз шайланды.
Йылмаз борбор шаар Анкарада өткөрүлгөн кезексиз жалпы чогулушта жетекчиликке жалгыз талапкер болду.
Бардык добуштарды алган Йылмаз мекеменин биринчи аял жетекчиси болуп шайланды.
Йылмаз шайлоодон кийин делегаттарга ыраазычылык билдирип: «Кызылай - бул өлкөнүн эң кымбат баалуулуктарынын бири. Ал боорукердиктин, мээримдүүлүктүн, кайрымдуулуктун жана тилектештиктин эң конкреттүү мисалы болгон жакшылыктын чеби»,-деди.
Йылмаз «Жолдору узун, баштыктары оор» экенин айтып: «Алыс-жакын, ичте-сыртта жолубузду карагандар бар. Биз демөөрчүлөрүбүздөн алган аманатты муктаждарга жеткирүү үчүн эс албай, токтобой чуркайбыз./.../ Кадимкидей жер титирөөдө, согушта, өрттө, селде, эпидемияда болгону сыяктуу мындан ары да эң алдыда чуркаган биз болобуз».
Тектеш кабарлар
Жевдет Йылмаз эртең Өзбекстанга барат
Жевдет Йылмаз эки күндүк сапарында Өзбекстандын президенти Шевкет Мирзиёев менен жолугушат.