Эрдоган: «Түрк Кызылайы бардык эзилгендерге жана жабыр тарткандарга үмүт берүүдө»

Президент Эрдоган Түрк Кызылайы коомунун кезексиз жалпы жыйынына видео кайрылуу жолдоду.

2008858
Эрдоган: «Түрк Кызылайы бардык эзилгендерге жана жабыр тарткандарга үмүт берүүдө»

Президент Режеп Таййип Эрдоган Түрк Кызылайынын символу болгон кызыл жарым айдын бардык эзилгендерге жана жабыр тарткандарга үмүт жаратканын айтты.

Президент Эрдоган Түрк Кызылайы коомунун кезексиз жалпы жыйынына видео кайрылуу жолдоду.

Түрк Кызылайынын 1868-жылдан бери Түркиядагы, аймактагы жана дүйнөдөгү бардык адамдардын жардамына келгенин түшүндүргөн Эрдоган, Түрк Кызылайынын мүчөлөрүнө ыраазычылык билдирди.

Түрк Кызылайынын Түркиянын сыймыгы катары 155 жылдан бери дүйнөнүн төрт тарабында гуманитардык жардам иш-чараларын жүргүзүп жатканын белгилеген Эрдоган:«Кызылайыбыздын символу болгон кызыл жарым ай кандайдыр бир себептерден улам кыйналган бардык эзилген жана жабыр тарткандарга үмүт берип, жүрөктөрүнө тынчтык (жүрөктүн актыгын, жан дүйнө тынчтыгын) тартуулайт. Биздин мекеме бир жарым кылымдан ашкан терең билими, тажрыйбасы жана даярдалган кадрлары менен ийгиликтүү иш-аракеттерди жүргүзүп, абдан маанилүү боштукту толтурууда»,-деди.

6-февралда Кахраманмарашта болгон жер титирөөдө Кызылайдын биринчи учурдан тартып жер титирөө зонасында ордун алганына көңүл бурган президент Эрдоган, Түрк Кызылайынын мамлекет-улут ынтымагынын бир көрүнүшү экенин айтты.



Тектеш кабарлар