Эрдоган: «Батыш өлкөлөрүндө күчөгөн исламофобия менен күрөшүүдө биргелешип кыймыл кылуу зарыл»

Президент Эрдоган, Америка Кошмо Штаттарында (АКШ) уюштурулган Түндүк Америкадагы Пакистан тектүү Дарыгерлер ассоциациясынын (APPNA) 46-жылдык конференциясынын Гала кечесине видео кайрылуу жолдоду.

2008799
Эрдоган: «Батыш өлкөлөрүндө күчөгөн исламофобия менен күрөшүүдө биргелешип кыймыл кылуу зарыл»

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Батыш өлкөлөрүндө күчөгөн исламофобия жана чет элдик душмандык менен күрөшүүдө биргелешип кыймыл кылуу зарылдыгын айтты.

Президент Эрдоган, Америка Кошмо Штаттарында (АКШ) уюштурулган Түндүк Америкадагы Пакистан тектүү Дарыгерлер ассоциациясынын (APPNA) 46-жылдык конференциясынын Гала кечесине видео кайрылуу жолдоду.

Эрдоган билдирүүсүндө Түркия менен Пакистандын өзгөчө карым-катнаштары бар эки боордош өлкө экенин, 6-февралда очогу Кахраманмарашта болгон жер титирөөдөн кийин пакистандыктар жөнөткөн гуманитардык жардам менен Түркиянын жанында экенин дагы бир жолу көрсөткөнүн айтты.

Пакистан тектүү америкалыктардын да жер титирөөдөн кийин APPNA уюмунун алкагында уюштурулган жардам кампаниясы менен Түркияга колдоо көрсөткөнүнө көңүл бурган Эрдоган, бул биримдик жана тилектештиктин туруктуу болушун каалады.

Батыш өлкөлөрүндө күчөгөн ислам душмандыгы жана чет элдикке душмандык менен күрөшүүдө биргелешип кыймыл кылуу зарылдыгын баса белгилеген Эрдоган сөзүн мындайча улантты: «Швецияда Курман айттын 1-күнү ыйык китебибиз Куранга ыпылас кол салуу исламга болгон душмандыктын коркунучтуу өлчөмдөрүн ачып берди. Түркия катары абдан катуу реакция кылган мындай иштердин кайталанбашы үчүн баарыбыздын, бүткүл мусулмандардын алдында чоң жоопкерчилик бар. Бир жүрөк, бир билек болуп иш кылсак, дүйнөдө эч ким мусулмандардын ыйык жактарына кол салууга батына албайт».



Тектеш кабарлар