Түркия Израиль аскерлеринин Женинге кол салуусун айыптады

Тышкы иштер министрлиги Израиль күчтөрүнүн Женинге кол салуусуна байланыштуу жазуу түрүндөгү маалымат берди.

2006577
Түркия Израиль аскерлеринин Женинге кол салуусун айыптады

Түркия Израиль күчтөрүнүн Женин шаарына кол салуусун айыптады.

Тышкы иштер министрлиги Израиль күчтөрүнүн Женинге кол салуусуна байланыштуу жазуу түрүндөгү маалымат берди.

Билдирүүдө мындай деп белгиленген: «Израиль басып алган Батыш Шериадагы Женин шаарында Израиль күчтөрү тарабынан бүгүн жүргүзүлгөн тинтүүнү катуу айыптайбыз. Аймактагы учурдагы чыңалуунун бул кол салуулар менен жаңы зордук-зомбулук жосундарын пайда кылышынан терең тынчсызданабыз жана Израиль бийликтерин акыл-эстүүлүк менен иш-аракет кылууга жана мындай аракеттерди токтотууга чакыруубузду дагы бир жолу кайталайбыз. Окуяларда каза болгон палестиналык бир туугандарыбызга Аллахтан ырайым, жарадар болгондордун тезирээк сакайып кетишин тилейбиз жана Палестина мамлекетине жана элине көңүл айтабыз».

Кечээ оккупацияланган Батыш Шериадагы Женин шаарына израилдик күчтөрдүн аба соккусу жана тинтүү жүргүзүүсүндө сегиз палестиналык набыт болду. Аль-Бире шаарында Израиль аскерлери аткан ок бир палестиналыктын башына тийип, анын натыйжасында каза болду.



Тектеш кабарлар