Июнь айында 65 террорист жок кылынды
Ички иштер министри Али Йерликая соцтармактан берген билдирүүсүндө июнь айында 65 террористтин жок кылынгандыгын билдирди.
2006776
Террор менен күрөшүүнүн негизинде июнь айында 65 террорист жок кылынды.
Ички иштер министри Али Йерликая соцтармактан берген билдирүүсүндө июнь айында 65 террористтин жок кылынгандыгын билдирди.
Өткөн айда террорго каршы 43чү чоң жана орточо масштабда болуу менен 13 миң 138 операциянын жүрүзүлгөндүгүн белгилеген министр Йерликая бул операцияларда 418 кишинин камакка алынгандыгын, 112 кишинин да кармалгандыгын айтты.
Йерликая билдирүүсүндө : «Ыйык жерибизди жана шаңдуу желегибизди күн - түн дебестен террордон коргогон баатыр жандармериябыз жана баатыр коопсуздук күчтөрүбүздү куттуктаймын. Террор акырына чыкканга чейин күрөшүбүздү улантабыз»,- деди.