Түркиядан Куран өрттөлгөн Швецияга каршы чыгуулар

Швецияда болгон Куран провокациясына каршы чыгуулар уланууда.

2005177
Түркиядан Куран өрттөлгөн  Швецияга каршы чыгуулар
fahrettin altun.jpg
cevdet yilmaz.jpg

Швецияда болгон Куран провокациясына каршы чыгуулар уланууда.

Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын (TBMM) төрагасы Нуман Куртулмуш Швецияда Курман айт майрамында мечиттин алдында Куран өрттөлүшүнө катуу каршы чыкты.

Нуман Куртулмуш билдирүүсүндө: «Милициянын көзөмөлү да камсыздалып, жогорку инстанциянын чечими менен бул жийиркеничтүү, ыплас, адамгерчиликсиз жана бузуку кол салууга жол ачылды. Муну кабыл алуу мүмкүн эмес», - деди.

Парламенттин спикери:«Бул кол салуу 2 миллиард мусулмандын ыйык жерлерине каршы жасалууда. Гумандуулукту билесиң, демократияны билесиң, ишенимди сыйлаганды билесиң...Кана алар»,-деди.

Швецияда болгон Курандын өрттөлүшү окуясына байланыштуу вице-президент Жевдет Йылмаз да социалдык медиа эсебинен билдирүү жасап: «Ыйык китебибиз бул ыпылас аракеттерден улам кымындай да баалуулугун жоготпойт. Жоготула тургандар бул провокацияларды жасагандар жана аларды карап тургандар»,- деди.

Коммуникация башкармалыгынын башчысы Фахреттин Алтун да социалдык медиа эсебинен англисче билдирүү жасап, Швецияда Курани Каримдин өрттөлүшүнө каршылык көрсөттү.

«Мындай жийиркеничтүү аракеттерге көз жумуп коюу - бул кылмышка шериктеш болуу. Швециянын бийликтери тез арада чара көрүп, терроризмдин ар кандай көрүнүштөрүнө каршы так позицияны карманышы керек»,-деп чакырды ал.

Дин иштери боюнча төрага Али Эрбаш да социалдык медиа эсебинен билдирүү жасап: "Мен Швецияда Курман айт маалында ыйык китебибиз Куранга каршы жасалган жийиркеничтүү иш-аракеттердин жактырылышын катуу айыптайм. Швецияны жана Батыш өлкөлөрүн мусулмандарга, коомдук тынчтыкка жана адамзатка душман болгон бул оорулуу менталитетти коргоону токтотууга чакырам. Окуялардын күнөөкөрлөрүнө каршы конкреттүү чаралардын көрүлүшүн күтөбүз»,-деди.

Швециянын борбору Стокгольмдо теги ирактык Салван Момика Стокгольм мечитинин алдында полициянын коргоосунда Куранды өрттөп жиберген.



Тектеш кабарлар