TRT кабарчысынан Пентагонго оор суроо

БУУнун балдар жана куралдуу кагылышуулар боюнча 2022-жылдагы отчету жарыяланды.

2005192
TRT кабарчысынан Пентагонго оор суроо

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) Коргоо министрлиги (Пентагон) Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) жикчил террордук уюм ЙПГ/ПККнын балдарды өз катарына алып жатканы жөнүндөгү билдирүүсүнө көңүл бурган жок.

БУУнун балдар жана куралдуу кагылышуулар боюнча 2022-жылдагы отчету жарыяланды.

Коопсуздук Кеңешинин талабы боюнча башкы катчылык тарабынан даярдалган отчетто жикчил террордук уюм ЙПГ/ПККнын балдарды өз катарына алууну улантканы белгиленди.

Маалыматка ылайык, Сирия демократиялык күчтөрү (SDG) жана террордук уюм ЙПГ 1696 баланы өз катарына алган.

Отчетто ЙПГ/ПККнын балдарды өлтүрүп, уурдаганы тууралуу маалыматтар орун алды.

БУУнун баш катчысы Антонио Гутерриш СДГ/ЙПГ/ПКК деген ысымдарды атады жана бардык маалыматтардын тастыкталганын жана терең тынчсыздануусун билдирди.

Түркия радио жана телеберүү мекемесинин (TRT) кабарчысы БУУнун отчетундагы бул маалыматтарды (SDG/YPG) СДГ/ЙПГ менен кызматташкан АКШнын Коргоо министрлигинин басма сөз катчысы генерал Патрик Райдерден сурады.

Генерал Райдер отчетту көргөн эмесмин деп суроонун үстүнөн жылмалап, тиешесиз жооп берди.

АКШ башкаруусу НАТОдогу өнөктөшү Түркиянын коопсуздугун коркунучка салган террордук уюм ПЙД/ЙПГге колдоо көрсөтүү менен бирге, ал уюмдардын адамзатка каршы кылмыштарын да көрмөксөнгө салууда.



Тектеш кабарлар