Эрдогандын телефондогу дипломатиясы

Президент Режеп Таййип Эрдоган кээ бир өлкөлөрдүн лидерлери менен телефон аркылуу сүйлөшүү өткөрдү.

2005159
Эрдогандын телефондогу дипломатиясы

Президент Режеп Таййип Эрдоган кээ бир өлкөлөрдүн лидерлери менен телефон аркылуу сүйлөшүү өткөрдү.

Президент Эрдоган Түндүк Кипр Түрк Республикасынын Президенти Эрсин Татар, Азербайжандын Президенти Илхам Алиев, Казакстандын Президенти Касым Жомарт Токаев, Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиёев, Бириккен Араб Эмирлигинин Президенти Мохаммед бин Заид Аль Нахайян, Сомалинин Президенти Хасан Шейх Махмуд жана Алжирдин президенти Абдүлмежид Теббун менен өз өзүнчө телефон аркылуу сүйлөштү.

Телефондогу сүйлөшүүлөрдө лидерлер Курман айт бүткүл адамзатка, өзгөчө түрк дүйнөсүнө жана ислам дүйнөсүнө тынчтык жана береке алып келүүсүн өз ара каалашты.

Эрдоган Токаев менен сүйлөшүүсүндө Казакстандын Абай аймагында болгон токой өртүнө өкүнгөнүн айтып, Түркиянын аймакта жасала турган иштерге керектүү колдоо көрсөтүүгө даяр экенин билдирди.

Президент Эрдоган Мирзиёев менен сүйлөшүүсүндө 9-июлда боло турган президенттик шайлоодо кайрадан кызматка талапкер болгон Шавкат Мирзиёевге ийгилик каалады. Эрдоган, Мирзиёевге Жогорку деңгээлдеги стратегиялык кызматташтык кеңешинин 3-жыйынынын тез арада өткөрүлүшүн каалагандарын да билдирди.

Эрдоган Сомалинин президенти Махмуд менен болгон сүйлөшүүсүндө Сомалиде саясий ынтымак жана тынчтыктын түзүлүшү үчүн камтыган процессти жакындан байкаганын белгилеп, «Сизди колдоону улантабыз»,-деди.

Президент Эрдоган, Алжирдин президенти Теббун менен болгон сүйлөшүүсүндө Жогорку деңгээлдеги кызматташтык кеңешинин акыркы жыйынында кабыл алынган чечимдерди ишке ашыруу процессин жакындан байкаганын белгилеп, «Сиздерди колдоону улантабыз»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар