Вице  - президент Жевдет Йылмаз менен каржы министри Мехмет Шимшек Абу Дабиде

Бир нече делегациялар аралык жолугушууларды өткөрө турган Йылмаз менен Шимшек андан кийин Бириккен Арап Эмирликтеринин  президенти Мухаммед бин Заид Аль Нахайян менен жолугушат.

2002844
Вице  - президент Жевдет Йылмаз менен каржы министри Мехмет Шимшек Абу Дабиде

Вице  - президент Жевдет Йылмаз менен казына жана  каржы министри Мехмет Шимшек президент Режеп Таййип Эрдогандын 

Бириккен Араб Эмирликтерине  сапарынын алдында бир күндүк иш сапары менен борбор шаар Абу Дабиге барышты.

Йылмаз менен Шимшекти Абу-Даби эл аралык аэропортунда Бириккен Араб Эмирликтеринин юстиция министри Абдуллах бин Султан бин Авад Аль Нуайми, Түркиянын Абу-Даби элчиси Тугай Тунчер жана башка тийиштүү кишилер  тосуп алышты.

Бир нече делегациялар аралык жолугушууларды өткөрө турган Йылмаз менен Шимшек андан кийин Бириккен Арап Эмирликтеринин  президенти Мухаммед бин Заид Аль Нахайян менен жолугушат.

Эки өлкөнүн ортосундагы экономикалык кызматташтык мүмкүнчүлүктөрүнө баа бериле турган  жыйынга Бирккен Арап Эмирликтеринин  вице-президенти Шейх Мансур Бин Заид Аль Нахайян да катышат.

 



Тектеш кабарлар