Улуттук коргоо министри Яшар Гүлер журналисттердин суроолоруна жооп берди
Бир журналисттин террор менен күрөшүүдөгү акыркы абалга байланыштуу суроосуна : «Террор менен күрөшүбүз чечкиндүүлүк менен улантылууда»,- деп жооп берди Яшар Гүлер.
2002680
![Улуттук коргоо министри Яшар Гүлер журналисттердин суроолоруна жооп берди](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/56c3/b1c8/78d2/6492d890a4ba5.jpg?time=1718872004)
Улуттук коргоо министри Яшар Гүлер террор менен күрөшүүнүн чечкиндүүлүк менен улантыларын айтты. Министр Гүлер Адилеттик жана өнүгүү партиясынын фракциялык жыйынынын алдында журналисттердин суроолоруна жооп берди.
Бир журналисттин террор менен күрөшүүдөгү акыркы абалга байланыштуу суроосуна : «Террор менен күрөшүбүз чечкиндүүлүк менен улантылууда»,- деп жооп берди Яшар Гүлер.
Президент Режеп Таййип Эрдогандын Ирак күрт аймактык башкаруусунун премьер - министри Месрур Барзанини кечээ кабыл алуусунун террор менен күрөшүүгө таасири тууралуу суроосуна Гүлер : «Сөзсүз таасири болот. Кызматташуубузду өнүктүрөбүз, акырында оң жыйынтыктарды алабыз»,- деди.