Йүксековада 3 террорист куралдары менен жок кылынды
Ички иштер министри Али Йерликая Хаккаринин Йүксекова элетинде ПКК жикчил террордук уюмдун 3 террористтин куралдары менен бирге жок кылынгандыгын билдирди.

Ички иштер министри Али Йерликая Хаккаринин Йүксекова элетинде ПКК жикчил террордук уюмдун 3 террористтин куралдары менен бирге жок кылынгандыгын билдирди.
Йерликая соцтармактан берген билдирүүсүндө Коопсуздук директорлугунун чалгындоо төрагалыгынын координациясында жүргүзүлгөн иштердин алкагында учкучсуз учуучу аппараттардын чалгындоо жана байкоо иштери учурунда Хаккаринин Йүксекова элетинде 3 террористтин аныкталгандыгын белгиледи.
Йерликая жандармериянын атайын операция топтору тарабынан 3 террористтин жок кылынгандыгын маалымдады.
Операцияны жүргүзгөн коопсуздук күчтөрүн куттуктаган Йерликая : «Террор аяктаганга чейин президент Режеп Таййип Эрдогандын жетекчилигинде күрөш уланат»,-деди.
Бир тараптан Улуттук коргоо министрлиги Сириянын түндүгүндө ПКК/ЙПГнын эки террористтин жок кылгандыгы маалымдалды.
Улуттук коргоо министрлигинер берилген маалыматта : «Террористтер кайда болсо, бутабыз ошол жер деген ураан менен террористтерди кыянаттык максаттарына жеткирбей жок кылууну улантып жатабыз. Баатыр Мехметчик Сириянын түндүгүндөгү "Тынчтык булагы" аймагына кол салууга даярданып жаткан ПКК/ЙПГнын 2 террористин жок кылды",- деп айтылды.
Министрлик ошондой эле Сириядан Түркияга мыйзамсыз өтүүгө аракет кылган ПКК/ЙПГ террордук уюмуна мүчө 2 кишинин кармалганын билдирди.
Улуттук чалгындоо уюму Сириянын Тель-Рыфат аймагында жикчил террордук уюм ПКК/ЙПГнын жооптууларынан террордук Рыдван Улугананы да жок кылды.