Али Йерликая Йүксекова элетиндеги террордук операция тууралуу маалымат берди
Операцияда 3 террорист куралдары менен жок кылынды.

Ички иштер министри Али Йерликая Хаккаринин Йүксекова элетинде ПКК жикчил террордук уюмдун 3 террористтин куралдары менен бирге жок кылынгандыгын билдирди.
Йерликая соцтармактан берген билдирүүсүндө Коопсуздук директорлугунун чалгындоо төрагалыгынын координациясында жүргүзүлгөн иштердин алкагында учкучсуз учуучу аппараттардын чалгындоо жана байкоо иштери учурунда Хаккаринин Йүксекова элетинде 3 террористтин аныкталгандыгын белгиледи.
Йерликая жандармериянын атайын операция топтору тарабынан 3 террористтин жок кылынгандыгын маалымдады.
Операцияны жүргүзгөн коопсуздук күчтөрүн куттуктаган Йерликая : «Террор аяктаганга чейин президент Режеп Таййип Эрдогандын жетекчилигинде күрөш уланат»,-деди.
Тектеш кабарлар

Газадагы түрктөрдүн эвакуациясы уланып жатат
Билдирүүдө сөз кылынган топтун Түркияга бүгүн келиши күтүлүп жатканы белгиленди.