Түркия Катар менен БАЭнин элчиликтерин ачуусун кубаттады

Тышкы иштер министрлиги Катар менен БАЭнин ортосундагы элчиликтердин өз ара ачылышына байланыштуу жазуу түрүндөгү билдирүү жасады.

2001590
Түркия Катар менен БАЭнин элчиликтерин ачуусун кубаттады

Түркия узак тыныгуудан кийин Катар менен Бириккен Араб Эмирликтеринин (БАЭ) ортосундагы дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн кайрадан ачылышын кубаттады.

Тышкы иштер министрлиги Катар менен БАЭнин ортосундагы элчиликтердин өз ара ачылышына байланыштуу жазуу түрүндөгү билдирүү жасады.

Билдирүүдө, «Биз Катар мамлекети менен БАЭнин узак тыныгуудан кийин дипломатиялык өкүлчүлүктөрүн кайра жандандыруу боюнча өз ара чечимин кубаттайбыз. Бул чечим биздин аймактын тынчтыгына жана туруктуулугуна олуттуу салым кошот деп ишенебиз»,деген маалыматтар камтылган.

Бириккен Араб Эмирликтеринин Тышкы иштер министрлиги бүгүнтөн тарта Бириккен Араб Эмирликтеринин Дохадагы элчилигин жана Катардын Абу-Даби элчилигин жана Дубайдагы консулдугун ачуу чечимин чыгарганын жарыялады.

Сауд Арабия, БАЭ, Бахрейн жана Египет 2017-жылдын 5-июнунда Катар менен бардык дипломатиялык карым-катнаштарын үзүп, «террордук топторду колдоодо» деген доомат менен бул өлкөгө экономикалык эмбарго киргизе башташкан.

Катар сөз болгон өлкөлөрдүн бардык айыптоолорун четке какса, бул абал Перс булуңунда кризиске алып келди.

Булуң кризиси 2021-жылдын 5-январында Сауд Арабиянын Эль-Ула шаарында өткөрүлгөн Перс булуңунун Кызматташтык Кеңешинин 41-саммитинде Ула декларациясына кол коюу менен чечилди.

Сауд Арабиянын тышкы иштер министри Фейсал бин Ферхан Аль Сауд саммиттен кийинки маалымат жыйынында Катарга эмбарго киргизген өлкөлөрдүн Доха менен дипломатиялык карым-катнаштарын кайрадан курганын жана эмбаргонун жоюлганын жарыялады.



Тектеш кабарлар