Анадолу - 2023 машыгуусу аяктады
Бул тууралуу Улуттук коргоо министрлиги маалымат берди.
Улуттук коргоо министрлиги Анадолу - 2023 Биргелешкен атайын күчтөр машыгуусунун ийгиликтүү аяктагандыгын билдирди.
Улуттук коргоо министрлигинин соцтармактан берген билдирүүсүндө буларга орун берилди : «2023 - жылы 5 – 16 июнь күнү Гөлбашы/Анкара Анадолу - 2023 Бириккен атайын күчтөрүнүн машыгуусу дос жана союздаш атайын бөлүктөрүнүн арасында достук, кызматташтык жана бирдикте иштешүүнү өнүктүрүү, бири бирин маалыматтандыруу жана тажрыйба бөлүшүү максатында Азербайжан, Казакстан, Өзбекстан, Монголия, Түндүк Македония, Түндүк Македония, Венгрия, Албания, Грузия, Пакистан жана Түркиянын атайын күчтөрү; Чехия, Бангладеш жана Тунис элементтеринин байкоочу катары катышуусу менен Түрк атайын күчтөрү командирлигибиз тарабынан өткөрүлдү.
Билдирүүдө машыгуудан сүрөттөргө да орун берилди.
Тектеш кабарлар
"Хамзабейли" чек ара бекетинде кезек
Жүздөгөн фура айдоочусу Европага өтүү үчүн унааларында күтүүнү улантууда.