Эрдоган 2022-2023-окуу жылынын аякташына байланыштуу кайрылуусун жарыялады
Президент Эрдоган кайрылуусун социалдык тармактагы баракчасы аркылуу бөлүштү.
2000706
Президент Режеп Таййип Эрдоган 2022-2023-окуу жылынын аякташына байланыштуу кайрылуусун жарыялады.
Президент Эрдоган социалдык тармактагы баракчасы аркылуу бөлүшүүсүндө: «Бүгүн бүтүрүү баракчаларын алган бардык балдарыбызды, окуучуларыбызды жана алардын кымбаттуу үй-бүлөлөрүн куттуктайм. Балдарыбызды өлкөгө, элге, элибизге кайрымдуу инсан кылып тарбиялаган урматтуу мугалимдерибизге талыкпас эмгектеринен улам терең ыраазычылык билдирем»,-деди.