Улутутк Чалгындоо Уюму Ирактын түндүгүнө операция жүргүздү

Террорист Карасач Улуттук Чалгындоо Уюмунун Ирактын түндүгүндө жүргүзүлгөн операциясында жок кылынды.

1999494
Улутутк Чалгындоо Уюму Ирактын түндүгүнө операция жүргүздү

Улуттук Чалгындоо Уюму алты жыл мурда полиция кызматкери Фетхи Секин шейит болгон Измир сотуна карата кол салууга көрсөтмө берген ПКК/КЖК террордук уюмунун жооптууларынан Абдулкахар Карасачты Ирактын түндүгүндө жок кылды.

Коопсуздук булактарынан алынган маалыматка караганда полиция кызматкери Фетхи Секин жана Муса Жан шейит болгон  2017 -  жылдагы Измир сотуна жасалган кол салууга көрсөтмө бергени белгиленген «Алишер Чия» каймана аттуу террорист Абдулкахар Карасач Улуттук Чалгындоо Уюму тарабынан иликтөөгө алынды.

Бул кол салууну пландаган жана Террордон изделгендер тизмесинде боз категорияда изделген террористтин ПКК/КЖК террордук уюмунун атайын  күч бөлүмүндө жооптуу деңгээлде иш алып барганы аныкталды.

Террорист Карасач Улуттук Чалгындоо Уюмунун Ирактын түндүгүндө жүргүзүлгөн операциясында жок кылынды.

Ирак жана Сириянын түндүгүндө террордук кол салууларга катышкан террорист Абдулкахар Карасачтын өлкөгө каршы моделдик  жана учкучсуз учактар ​​менен кол салууларды пландоочу жана ишке ашыруучу да болгону билдирилди.



Тектеш кабарлар