Түркия-Сирия карым-катнаштарына карата жыйын

Орусиянын тышкы иштер министринин орун басары Михаил Богданов борбор калаа Москвада журналисттерге маалымат берди.

1999654
Түркия-Сирия карым-катнаштарына карата жыйын

Түркия, Сирия, Орусия жана Ирандын тышкы иштер министрлеринин орун басарларынын 21-июнда Казакстандын борбору Астанада чогула турганы кабарланды.

Орусиянын президенти Владимир Путиндин Жакынкы Чыгыш менен Африка өлкөлөрү боюнча атайын өкүлү жана тышкы иштер министринин орун басары Михаил Богданов борбор калаа Москвада журналисттерге берген маалыматында, Түркия менен Сириянын ортосундагы карым - катнаштардын нормалдашуусу үчүн Түркия, Сирия, Иран жана Орусиянын тышкы иштер министрлеринин орун басарларынын жыйынынын 21-июнда Астанада өтөөрүн билдирди.

Богданов: «Жол картасы боюнча орус долбоору даяр. Биздин милдет - өнөктөштөр менен кеңешип, бул ишти алдыга жылдыруу. Астанадагы сүйлөшүүлөрдө олуттуу ийгиликтерге жетишебиз деп ишенем»,-деди.

Түркия, Орусия, Иран жана Сириянын тышкы иштер министрлери 10-майда Москвада жолугушкан.

Жыйындан кийин Түркия-Сирия карым-катнаштарын алдыга жылдыруу үчүн жол картасын даярдоо чечими кабыл алынган. Жол картасын даярдоо жана процессти акырындык менен илгерилетүү үчүн тиешелүү мекеме катары тышкы иштер министрлеринин орун басарларынын, коргоо жана чалгындоо министрлигинин катышуусунда төртүк комитет түзүү чечими чыгарылган.



Тектеш кабарлар