Эрдоган Берлускони үчүн көңүл айтты
Президент Режеп Таййип Эрдоган 86 жашында каза болгон Испаниянын мурдагы премьер - министри Сильвио Берлускони үчү көңүл айтуу жарыялады.
Президент Режеп Таййип Эрдоган 86 жашында каза болгон Испаниянын мурдагы премьер - министри Сильвио Берлускони үчү көңүл айтуу жарыялады.
Президент Эрдоган соцтармак аркылуу түрк жана испан тилинде жарыялаган билдирүүсүндө : "Көптөгөн жылдар бирге иштешкен Италиянын мурунку премьер - министри, досум Сильвио Берлусконинин өлүмүнөн терең кайгыруу менен көңүл айтам",- деди.
Италия калкына көңүл айткан Эрдоган Берлусконин үй - бүлөсүнүн жана жакындарынын кайгысын бөлүшкөндүгүн билдирди.
Президент Эрдоган билдирүүсүндө Берлускони менен түшкөн сүрөттөрүнө да орун берди.
Италиянын мурунку премьер - министрлеринен жана оңчул коалиция бийлигинин өнөктөштөрүнөн Форза Италия партиясынын лидери Сльвио Берлускони кечээ каза болду.
Бир канча убакыттан бери ден соолугу менен күрөшүп жаткан Берлускони 5-апрелден 19-майга чейин 45 күн Сан Раффаэль ооруканасында өнөкөт лейкоз менен байланыштуу өпкө инфекциясынан дарыланган.