УКМ жикчил террордук уюм ПКК/ЙПГден 7 террористтин жок кылынганын билдирди
Министрликтин билдирүүсүндө, террордук уюм ПКК/ЙПГнын Сириянын түндүгүндөгү Евфрат калканы аймагындагы Жибрин база аймагына жана Килис Өнжүпынар полиция кампусуна бир убакта миномет/көп ооздуу ракета аткыч менен кол салганы белгиленди.
Улуттук коргоо министрлиги (УКМ) жикчил террордук уюм ПКК/ЙПГден 7 террористтин таасирсиз кылынганын билдирди.
Министрликтин билдирүүсүндө, террордук уюм ПКК/ЙПГнын Сириянын түндүгүндөгү Евфрат калканы аймагындагы Жибрин база аймагына жана Килис Өнжүпынар полиция кампусуна бир убакта миномет/көп ооздуу ракета аткыч менен кол салганы белгиленди.
Билдирүүдө аскерлер менен полиция кызматкерлери жана база аймактарында кол салуулардан жабыркагандар болбогону белгиленип: «Кол салуу болгон жерлер аныкталып, Түрк куралдуу күчтөрү дароо катуу сокку урууга киришти. Алгачкы аныктамалар боюнча террордук уюмдун экөө корбашчысы болгон 7 террорист таасирсиз абалга келтирилип, штаб деп аталган жер дагы жок кылынды. Террористтердин кол салууларын эч качан жооп кайтаруусуз калтырбаган Мехметчик террористтерге таандык бир топ бутага натыйжалуу сокку уруусун улантууда»,делди.