Түркия Казакстанга көңүл айтты
Тышкы иштер министрлиги Твиттерден билдирүү бөлүштү.
1998251
![Түркия Казакстанга көңүл айтты](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/f86a/650f/535e/5d0f224e53c40.jpg?time=1718873238)
Түркия Казакстандын Абай аймагындагы өрттөн 14 токой кызматкеринин каза болушуна байланыштуу Казакстандын өкмөтүнө жана элине көңүл айтты.
Тышкы иштер министрлиги тарабынан Твиттерден бөлүшүлгөн билдирүүдө, Казакстандын Абай аймагында 14 токой кызматкеринин каза болушуна себеп болгон өрт тууралуу кабардын терең кайгыга салганы белгиленди.
Билдирүүдө "Каза тапкандардын жакындарына, дос жана боордош Казакстан өкмөтүнө жана элине көңүл айтабыз",-деген сөздөр камтылды.