Эрдоган Токаевге көңүл айтты

Президенттиктин Коммуникация башкармалыгынын билдирүүсүнө караганда, Эрдоган Токаев менен телефон аркылуу байланышты.

1998494
Эрдоган Токаевге көңүл айтты

Президент Режеп Таййип Эрдоган Казакстандын президенти Касым Жомарт Токаевге өлкөсүндөгү өрттөн 14 токойчунун каза болушуна байланыштуу көңүл айтты.

Президенттиктин Коммуникация башкармалыгынын билдирүүсүнө караганда, Эрдоган Токаев менен телефон аркылуу байланышты. 

Сүйлөшүүдө Эрдоган Казакстандагы токой өртүнөн каза болгондорго Аллахтан ырайым тилеп, жаракат алгандардын тез сакайып кетишин каалады.

Казак элине жакшы каалоорун айткан Эрдоган, Казакстанга жардам көрсөтүүгө даяр экендиктерин билдирди.



Тектеш кабарлар