Түркия Афганистандагы кол салууну айыптады

Түркиянын Кабул элчилиги Твиттерден жарылууда каза болгондор үчүн көңүл айтуу билдирүүсүн жарыялады.

1997853
Түркия Афганистандагы кол салууну айыптады

Түркия Афганистандын Бадахшан аймагында 11 кишинин каза болушуна себеп болгон террордук кол салууну айыптады.

Түркиянын Кабул элчилиги Твиттерден жарылууда каза болгондор үчүн көңүл айтуу билдирүүсүн жарыялады.

Билдирүүдө аймактын борборду району Фейзабадда көп сандаган жарандын өлүмүнө жана жаралануусуна себеп болгон террордук кол салуулардын «күчтүү түрдө» айыпталгандыгы белгиленип, кайгылуу үй-бүлөлөргө көңүл айтылып, жаралуулардын бат айыгып кетиши кааланды.

6-июнда Бадахшан провинциясында террордук уюм ДЕАШ мойнуна алган бомбалуу кол салууда шейит болгон Талибандын жооптуу кызматкери үчүн бейшемби күнү Фейзабад шаарындагы мечитте жаназа зыйнаты өткөрүлдү. Жаназа зыйнаты учурунда бомбалуу кол салуу болуп, кол салууда 11 киши каза болуп, 30 киши жараланды.

Бул кол салуунун жоопкерчилигин ДЕАШ моюнга алды.

Кол салуу улуттук жана эл аралык деңгээлде айыпталды.

 



Тектеш кабарлар