Президент Эрдоган Түндүк Кипр Түрк Республкасы менен Азербайжанга сапар менен барат

Президент Режеп Таййип Эрдоган мамлекеттик салт катары президенттик шайлоодон кийин биринчи өлкө тышы сапарын Түндүк Кипр Түрк Республикасы жана Азербайжанга жасайт.

1997942

Президент Эрдоган28 -майдагы шайлоодо кайрадан президент болуп шайлангандан кийин биринчи өлкө тышы сапарын дүйшөмбү күнү Түндүк Кипр Түрк Республикасына жасайт.

Түндүк Кипр Түрк Республикасынын президенти Эрсин Татар жана премьер - министр Үнал Үстел менен жолугуша турган Эрдоган жекеме- жеке сүйлөшүү жана иш алып баруу тамагынан кийин президенттик сарайында Татар менен биргелешкен пресс- жыйын өткөрөт. 

Жолугушуулардан кийинки мезгилде Кипр боюнча таштала турган кадамдар тууралуубаа берүүлөрдүн болушу жана Чыгыш Жер Ортолук деңизиндеги абалдардын каралышы күтүлүүдө.

Президент Эрдоган шейшемби күнү ишке ашыра турган Азербайжан сапарынын негизинде президент Илхам Алиев менен жекеме- жеке жана делегациялар аралык сүйлөшүүлөрдү өткөрөт.

Эки тараптуу карым- катнаштар жана кызматташуу тармактарынын өнүктүрүлүшү үчүн таштала турган кадамдар карала турган жолугушууларда аймактык жана эл аралык темаларга байланыштуу пикир алышуулар болот.

Тектеш кабарлар