Президент Эрдоган шейит мугалим Айбүкени эскерди
Режеп Таййип Эрдоган 6 жыл мурда Батмандын Козлук районунда ПКК жикчил террордук уюмдун террористтеринин кол салуусунда 22 жашында шейит болгон музыка мугалими Шенай Айбүке Ялчынды эскерди.
1997812
Президент Режеп Таййип Эрдоган 6 жыл мурда Батмандын Козлук районунда ПКК жикчил террордук уюмдун террористтеринин кол салуусунда 22 жашында шейит болгон музыка мугалими Шенай Айбүке Ялчынды эскерди.
Президент Эрдоган социалдык тармактагы баракчасында буларды билдирди : "Элибизге кызмат кылуудан башка максаты болбогон мугалимибиз Шенай Айбүке Ялчынды эскерем. Айбүке кызыбызды үй-бүлөсүнөн, жакындарынан, окуучуларынан ажыраткан ПКК террордук уюм менен күрөшүбүздү улантабыз»,- деди. Эрдоган эскерүүсүндө шейит мугалимдин сүрөтүнө да орун берди.
Тектеш кабарлар
Түркия ысык аба шарын учуруу боюнча эң алдыда
Жалпы өлкөдө лицензияланган 67 шар оператору, 6 билим берүү, 434 шар жана 682 шар учкучу бар.