Хакан Фиданга куттуктоо билдирүүлөрү

Сүйлөшүүдө кесиптештери Фиданды жаңы кызматы менен куттукташты.

1996082
Хакан Фиданга куттуктоо билдирүүлөрү

Президент Режеп Таййип Эрдоган жарыялаган жаңы кабинетте тышкы иштер министри болуп дайындалган Хакан Фиданга чет элдик кесиптештеринен куттуктоо каттары келип жатат.

Израилдин тышкы иштер министри Эли Коэн тышкы иштер министри Фидандын жаңы кызматына байланыштуу Твиттердеги баракчасынан куттуктоо бөлүштү.

Коэн: «Фидан мырза, Түркиянын тышкы иштер министри кызматына дайындалышыңыз менен куттуктайм. Заманабыздын кыйынчылыктарына туруштук берүү үчүн алдыбызда көп нерсе бар. Өлкөлөрүбүздүн жана аймагыбыздын жыргалчылыгы үчүн мамилелерибизди мындан ары да бирге өнүктүрөбүз деп ишенем»,-деди.

Сербиянын тышкы иштер министри Ивица Дачич, Түндүк Македониянын тышкы иштер министри Буяр Османи, Косовонун тышкы иштер жана диаспора министри Доника Гервалла, Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев, Польшанын тышкы иштер министри Збигнев Рау Фиданды социалдык тармактагы баракчаларынан куттукташты.

Министр Фидан Кувейттин тышкы иштер министри шейх Салим Абдулла аль-Жабер ас-Сабах, Алжирдин тышкы иштер министри Ахмед Аттаф жана Малайзиянын тышкы иштер министри Замбри Абдул Кадир менен да телефон аркылуу өз-өзүнчө сүйлөштү.

Сүйлөшүүдө кесиптештери Фиданды жаңы кызматы менен куттукташты.



Тектеш кабарлар