Ирактын түндүгүндө жикчил террордук уюм ПККга таандык эки террорист багынып берди

Улуттук Коргоо министрлиги (УКМ) Ирактын түндүгүндөгү «Чеңгел-Кулпу» операциясы аймагында эки террорист жашынган үңкүрдөн чыгып багынып берүү учурунун көрүнүштөрүн бөлүштү.

1995047
Ирактын түндүгүндө жикчил террордук уюм ПККга таандык эки террорист багынып берди

Сириянын түндүгүндө жикчил террордук уюм ПКК/ЙПГден 2 террорист жок кылынды

Улуттук коргоо министрлигинин (УКМ) социалдык медиа эсебинде жасалган билдирүүдө, «Террорист кайда болсо, бута ошол жер. Сириянын түндүгүндөгү Тынчтык булагы аймагына кол салууга даярданып жаткан ПКК/ЙПГга мүчө 2 террорист таасирсиз кылынды»,делди.

Ирактын түндүгүндө жикчил террордук уюм ПККга таандык эки террорист багынып берди.

Улуттук Коргоо министрлиги (УКМ) Ирактын түндүгүндөгү «Чеңгел-Кулпу» операциясы аймагында эки террорист жашынган үңкүрдөн чыгып багынып берүү учурунун көрүнүштөрүн бөлүштү.

УКМ социалдык медиа эсебиндеги билдирүүдө, «Террористтердин кутулуу жолу жок, жалгыз чечим Түркиянын адилеттүүлүгүнө багынуу. Ирактын түндүгүндө «Чеңгел-Кулпу» операциясы аймагында жашынган үңкүрдөн чыккан бири аял эки террористтин багынып берүү учурлары»,деген билдирүүлөр камтылган.

Бөлүшкөн видеодо түрк аскери багынып берген террористтерге карата: «Колуңду көтөрүп акырын илгериле, кел түрк аскерине багын. Мехметчик (түрк аскери) ырайым сураганга эч качан жамандык кылбайт. Корко турган эч нерсе жок, кел түрк аскерине багынып бер. Сага эч ким зыян келтирбейт. Акырындык менен алдыга бас»,-деп айткан сөздөрү камтылган.



Тектеш кабарлар