НАТОнун баш катчысы Столтенберг Түркияга келет
НАТОнун билдирүүсүнө караганда Столтенберг 3-4-июнь күндөрү борбор шаар Анкарага сапар жасайт.

НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг президент Режеп Таййип Эрдогандын ант берүү аземине катышуу жана жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөрдү өткөрүү үчүн 3-4-июнь күндөрү Түркияга келет.
НАТОнун билдирүүсүнө караганда Столтенберг 3-4-июнь күндөрү борбор шаар Анкарага сапар жасайт.
Президент Эрдогандын 3-июндагы инаугурация аземине катыша турган Столтенберг, президент Эрдоган жана жогорку даражалуу түрк жооптуулары менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт.
Столтенберг кечээки билдирүүсүндө, Түркиядагы шайлоодон кийин Швециянын НАТОго мүчөлүгүнө байланыштуу диалогду кайрадан баштоону каалаганын белгилеп, бул темада сүйлөшүү үчүн Анкарага келе турганын айткан.
Тектеш кабарлар

Мавлид түнү эртең белгиленет
Мавлид-и Неби жумалыгы быйыл «Пайгамбарыбыз, ыйман жана багыт» темасы менен өткөрүлөт.