Түркия Косоводогу бардык тараптарга чакырык салды
Тышкы иштер министрлиги жазуу түрүндө билдирүү жасады.
Түркия Косовонун түндүгүндөгү окуялардын бардык тараптарын зомбулуктан алыс болууга жана чыңалууну күчөтө турган аракеттерге барбоого чакырды.
Тышкы иштер министрлигинин жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, Косовонун түндүгүндөгү окуялардын тынчсыздануу менен байкалганы, бул окуялардын аймактык коопсуздук жана ырааттуулукка зыян келтиргени белгиленди.
Бардык тараптарды зомбулуктан алыс болууга жана чыңалууну күчөтө турган аракеттерге барбоого чакырган билдирүүдө: «Косово Тынчтык Күчүнүн окуялардын курчушуна жол бербөөдөгү конструктивдүү ролун жогору баалайбыз. Окуяларда Косово Тынчтык Күчүнүн айрым жоокерлеринин жеңил жаракат алганын терең кайгыруу менен уктук»,- деп айтылды.
Билдирүүдө аймакта чыңалуунун азайтылышынын, тынчтыкты жана туруктуулукту орнотуунун бирден-бир жолу болуп жаткан диалог процессинде прогресске жетишүү экени баса белгиленди.
Тектеш кабарлар
Эрдоган Парламенттер аралык Кудс платформасында сөз сүйлөдү
Палестина калкынын бүгүнкү күндө тарыхтын эң ырайымсыз зулумдарына дуушар болгонун айтты.