Эрдоган балкондон элге кайрылды

Добуш берүүгө келген бардык жарандарга ыраазычылык билдиргенин белгилеген Эрдоган, шайлоого катышкандарды да куттуктады.

1992125
Эрдоган балкондон элге кайрылды
erdoğan beştepe.jpg
kutlama.jpg

Президент Режеп Таййип Эрдоган«Жеңген бир гана биз эмес, жеңген Түркия, бардык катмарлары менен улутубуз, демократиябыз жеңди»,- деди.

Президенттик шайлоонун экинчи айлампасында жеңишке жеткен президент Эрдоган ар бир шайлоодон кийинки жыйынтыктар тууралуу салттуу «балкондо сүйлөгөн сөзүн» бул жолу борбор шаар Анкарадагы Президенттик комплекстин балконунан сүйлөдү.

Добуш берүүгө келген бардык жарандарга ыраазычылык билдиргенин белгилеген Эрдоган, шайлоого катышкандарды да куттуктады.

«Жеңген бир гана биз эмес, жеңген Түркия, бардык катмарлары менен улутубуз, демократиябыз жеңди»,-деп айткан Эрдоган, эч кимге капа болбогондорун жана таарынбагандарын айтты.

Эрдоган:«Азыр улуттук максаттарыбыздын жана кыялдарыбыздын айланасында биригип, бүтүндөшүүнүн мезгили келди»,-деди.

Жогорку шайлоо кеңеши тарабынан жарыяланган убактылуу шайлоо жыйынтыгына караганда Эрдоган кечээ өткөрүлгөн президенттик шайлоонун экинчи айлампасында 52,14 пайыз добуш менен кайрадан президент болду.

 



Тектеш кабарлар