Өлкөсүнө кайткан сириялыктар

«Тынчтык булагы» операциясы менен террордук уюмдардан тазаланган Тел Абьяд  эң коопсуз аймактардын бири.

1991641
Өлкөсүнө кайткан сириялыктар

Түрк куралдуу күчтөрүнүн «Евфрат калканы», «Зайтун бутагы» жана «Тынчтык булагы» операциялары менен террордон тазаланган Сириядагы коопсуз аймактарга Түркиядан кайтып баргандардын саны 554 миң 609га жетти.

Өлкөлөрүндөгү жарандык согуштан улам көп жылдар бою Түркияда жашоого аргасыз болгон сириялыктар Миграция башкармалыгынын ыктыярдуу кайра кайтуу  кеңсесиндеги процедуралардан кийин Газиантеп, Шанлыурфа, Килис жана Хатайдан өз өлкөлөрүнө кайтышууда. 

Сириялыктар көп жашаган 12 облуста түзүлгөн кеңселерде «коопсуз, ыктыярдуу жана татыктуу кайтуу» принциби менен жүргүзүлүп жаткан иштерде өз өлкөлөрүнө кайткан сириялыктардын саны 554 миң 609га жетти.

«Тынчтык булагы» операциясы менен террордук уюмдардан тазаланган Тел Абьяд  эң коопсуз аймактардын бири.

Төрт жылдан бери турмуш калыбына келген районго кайткандардын саны жергиликтүү жетекчилердин айтымында 30 миңден ашты. 

 



Тектеш кабарлар