Чет өлкөдөгү добуштар Анкарага алып келинди

Добуштар Түрк аба жолдоруна таандык 3 учак менен Анкарага алып келинди.

1991193
Чет өлкөдөгү добуштар Анкарага алып келинди

Түркияда 28-майда боло турган президенттик шайлоонун экинчи айлампасы үчүн чет өлкөдө берилген добуштар борбор шаар Анкарага алып келинди.

Чет өлкөдөгү 1 миллион 783 миң 107 бюллетендин бардыгы Түрк аба жолдоруна таандык 3 учак менен Анкарага алып келинди.

Добуштар фураларга жүктөлүп, укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин көзөмөлүндө “Добуш баштыктарын өткөрүп берүү комиссиясынын” коштоосунда Өлкө тышы округдук шайлоо комиссиясына жеткирилди.

Чет өлкөдө добуш берүү аяктагандан кийин тизмеси чет өлкөдө болгон шайлоочулар 28-май саат 17.00гө чейин бажы бекеттеринде добуш бере алышат.



Тектеш кабарлар