Вице - президент Фуат Октай куттуктоо жарыялады

Октай соцтармактан жарыялаган куттуктоосунда эгемендүүлүктүн түбөлүк оту жаштарга аманат экендигин айтты.

1988474
Вице  - президент Фуат Октай  куттуктоо жарыялады

Вице  - президент Фуат Октай 19 -  Май Ататүрктү эскерүү, жаштык жана спорт майрамы менен куттуктады.

Октай соцтармактан жарыялаган куттуктоосунда : "Эгемендүүлүк үчүн күрөшүбүздүн символу, 19-май Ататүрктү эскерүү, жаштар жана спорт майрамы менен куттуктайм. Эгемендүүлүгүбүздүн кепилдиги болгон түбөлүк отубуз жаштарыбызга аманат. Ушул себеп менен Гази Мустафа Кемал Ататүрк баш болгон боштондук согушубуздун бардык баатырларын урмат - сый менен эскерем",- деди.



Тектеш кабарлар